Жаңылыктар
Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды
Саясат
Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. “Мен кайсыл жерде иштебейин ачык жана толук берилүү менен иштөөгө аракет кылып келем. 

Бирок жакында эч түшүнүксүз бомба тууралуу маалымат боюнча козголгон кылмыш иште менин атым аталууда. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, мага карата массалык жек көрүүчүлүк жана жаманатты кылуу болууда. Бул кырдаал албетте менин ар-намысым менен абийириме зыянын тийгизүүдө”, - деп жазылат анын кайрылуусунда. 

Мындан сырткары ал өкмөттү жана өкмөт башчыны жаманатты кылгысы келбей турганын белгилеп, кырдаалдан чыгуунун бир жолу иштен кетүү экенин айткан. Дүйшөнбек Зилалиев бул кызматка 2017-жылдын 23-ноябрында келген. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өкмөттүк трассада жарылуучу зат коюлганы тууралуу жалган билдирүү жасоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. 

ИИМдин Академиясынын курсантынын айтымында, бомба жөнүндө маалымдаган жаран Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев болгон.