Жаңылыктар
Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгына бекитилди
Саясат
Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагалыгына бекитилди

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында электрондук жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Толкунбек Абдыгулов бир добуштан Улуттук банктын төрагалыгына шайланды. 

Эске салсак, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов ушул жылдын 11-декабрында Бажы кызматынын төрагалыгына дайындалгандан кийин бул кызмат бош калган. 

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдан 2017-жылдын августуна чейин Улуттук банкты башкарып келген. 2017-жылдын августунан ноябрга чейин биринчи вице-премьер-министр, ал эми ноябрь айынан тарта вице-премьер-министр болгон.