Жаңылыктар
Сейрек кездешкен жемиштерди өстүргөн багбан
Кыргызстан жаңылыктары
Сейрек кездешкен жемиштерди өстүргөн багбан

Токтогул районунун тургуну Каныбек Данияров өзүнүн короосуна атайын күнөскана куруп, ага Кыргызстанда өстүрүлбөгөн мөмө жемиштердин банан, бергамот, личи, лавр дарагы, киви жана башка бир нече түрүн отургузган. 

Учурда багбандын бакчасында мандарин бышып, мөмөсүн берип калды. 

Мындан сырткары бакчада жашылча-жемиштер, сейрек кездешүүчү гүлдөр да бар. Бакчасына камкордук көрүүдөн ырахат алган багбан, бул жемиштерди бизнес үчүн эмес, өз үй-бүлөсүн таза азык менен камсыз кылуу максатында өстүрөт. 

Каныбек Данияров келечекте дагы көпчүлүк биле бербеген мөмө-жемиштерди өстүрөм деп кыялданууда.