Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев саясий билдирүү жасады
Саясат
 Алмазбек Атамбаев  саясий билдирүү жасады

Өткөн ишембиде президент Алмазбек Атамбаев күтүүсүздөн көпчүлүккө саясий билдирүү жасады. Күтүүсүздөн дегенибиз, өлкө башчы билдирүүнү жалпы ишембилик учурунда жасады. Анда Алмазбек Атамбаев президенттикке эч кандай мураскор дайындабай турганын билдирди жана мөөнөтү бүткөндөн кийин өкмөт башчылыкка да, Жогорку Кеңештин төрагалыгына да барбай турганын баса белгилеген. Мындан тышкары конституцияны өзгөртүү боюнча да кеп козголду. 

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бир жылдан кийин бүтөт. Экинчи ирет кайра президент болууга ат салышпайт. Ал тургай спикер да, өкмөт башчы да болбойм деп чечкен. Бирок "Алмазбек Атамбаевдан кийин ким президент болот жана ал өзүнөн кийин өлкө башчы боло турган мураскорду дайындап жатабы" деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Буга президент так, таасын жооп берди.

“Биз парламенттик өлкөбүз. Бул - бийлик саясий партиялардан куралат деген сөз. Ошондуктан, кайсы бир адам президент болот деп так жана кесе айтууга болбойт. Анан кантип мураскор дайындалсын. Атамбаев - саясий атаандаштык - бул туруктуулукка кепил болоорун жакшы түшүнүп турат”,- деп саясат таануучу Игорь Шестаков белгиледи.