Жаңылыктар
Өкмөт ишкерлер бизнести өнүктүрүү жана экономиканы көтөрүү аракетинде
Экономика
Өкмөт ишкерлер бизнести өнүктүрүү жана экономиканы көтөрүү аракетинде

Соңку үч айда өкмөт ишкерлер менен бетме-бет отуруп, бир топ маселелер четинен жөнгө салынып жатат. Башкы артыкчылык ишкерчиликти өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктар менен көйгөйлөр жеринде чечилип жатканында. Бизнестин үнүн уккан өкмөт башчы маселени дароо жеринде чечүүгө тапшырма берүүдө. Мындай мамиле өз кезегинде экономиканы чыңдоого, экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзүүдө.

Негизгиси өкмөт инвестор менен бизнеске жагымдуу шарттарды түзүүнүн аракетинде. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик түзүлдү. Аны менен катар катаалыраак жол-жоболорду жеңилдетүү үчүн тиешелүү мыйзам жана укуктук ченемдик актыларга толуктоолор киргизилип жатат. Бул “инвестициялар” жана “мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” тууралуу мыйзамдар.

Бул мыйзамдар учурда парламентте экинчи окууда каралууда. Бирок чет элдик инвесторлорго жеңилдиктерди берүүнү жана шарт түзүүнү бекемдеген мыйзам долбоору боюнча такталбаган жагдайлар бар экенин мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы билдирди.

Сапар Исаков бир жуманын ичинде жумуш тобун түзүп бул мыйзам долбоорун алдыга жылдыруу боюнча жумуштарды аткаруу тапшырмасын берди. Экспорттун көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча жетишилген жыйынтыктар да жаман эмес. Бизнести өргө тартууда дал ушул экспорттун өсүшү да маанилүү. Негизинен сырттан кийим-кече, бут кийим, мөмө жемиш, сүт азыктарына жана башка товарларга суроо-талап көп болгон.

Ошол эле учурда жыйында курулушка уруксат берүү боюнча сунуштар көтөрүлдү. Ишкерлер курулушка уруксат алуу жол-жоболорунан өтүүдө экспертизалык топту түзүү сунушун берди. Мындай учурда мекемеден-мекемеге чуркабай адистер бир жерде болуп, бизнесмендер түйшүгү жеңил болот. Өкмөт башчы да бул тармактагы кемчиликтерди жоюу тапшырмасын коюп, “Таза Коом” программасында ишкерлер курулушка ашыкча документтерин чогултуудан кутулаарын билдирди. Сапар Исаков жыл аягына чейин аткарылбай калган жумуштарды ишке ашыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын берди.