Жаңылыктар
Токтогул районунда балык чарбасы өнүгүүдө
Айыл чарба
Токтогул районунда балык чарбасы өнүгүүдө

Жаңы-Жол айылынын тургуну Аманжан Борбиев балык чарбачылыгы менен 9 жылдан бери алектенип, турмуш тиричилигинин негизги киреше булагына айлантып алган. Алгач иш башын 3 тонна балыкка ылайыкташкан жасалма көлмө менен баштаган.

Аманжан Борбиевдин айтымында, балык багуу сырттан караган кишиге оңой көрүнөт. Бирок, чындыгында, бул иш көп каражат менен талыкпаган эмгекти талап кылат. Өзгөчө балыктын оорусун дарылоо таталыраак. Балык жетилгенче жаш баладай эле кароого туура келет. Андан калса жеми да кымбат. Аманжандын чарбасында балыктын форель түрү өстүрүлүүдө.

Баардык кыйынчылыкка чыдаган балыкчы, азыр эми эмгегинин үзүрүн көрүп, өткөн жылы 15 тонна балык саткан. Быйыл 20 тоннага жетет деп турат. Ал эми форель балыгынын эң чоңу 5-6 кг салмакка чейин жетет. Андай чоң балыкка суроо талап аз болгондуктан, Аманжан 1 кг болгондо эле сатууга чыгара баштайт.

Ишкер балык чарбачылыгын дагы кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул үчүн кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 10 пайыз менен 3 жылдык мөөнөткө 1 миллион сом насыя алган.

Буга чейин балык өстүргөн ишкерлер балыктын майдасын Бишкектен алып келип турган. Эки жылдан бери мындай чабакты райондон өндүрүү аракети көрүлүп келет.

Өз кезегинде Токтогулдун көлүнөн 248 тоннага чейин балык өндүрүлүп турган. Кийин эле мыйзамсыз балык уулагандар көбөйүп, балыктын көбөйүүсүнө мүмкүнчүлүк берген эмес. Мунун кесепетинен акыркы жылдары райондо өндүрүлгөн балыктын көрсөткүчү төмөндөп, 13 тоннага чейин түшүп кеткен. Азыр кайрадан балык чарбачылыгы жандангандай. Учурда район боюнча 7 балык чарба түзүлүп, балык өстүрүүдө. Бул чарбалардан болжол менен өткөн жылы 60 тонна балык өндүрүлгөн.