Жаңылыктар
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу болууда
Чек ара
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу болууда

Президент Сооронбай Жээнбеков коңшу мамлекеттер менен унаа, темир жол жана аба каттамдарын өнүктүрүү жаатында министрдин маалыматын укту. Анын ичинен маанилүү маселе - Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу болууда.

Ошондой эле өлкө башчы министрге алдыда Ташкентте өткөрүлүүчү жолугушууларга талдоочу топту тыкыр даярдоо тапшырмасын берди. Министрдин айтымында бул багытта жумуштар тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

Үч мамлекетти бириктирген темир жолунун курулушу боюнча маселеге Сооронбай Жээнбековдун Ташкенттеги сапарында да чоң маани берилип, өлкө башчылары аны ишке ашыруу жолдору тууралуу пикир алышкан.

Мындан сырткары жүк жана жүргүнчү ташуу каттамдарын да ишке киргизүү - эки мамлекеттин кызыкчылыгындагы маселе болууда. Сооронбай Жээнбеков мына ушул маселеге кеңири токтолгон.

Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктары- жаңы жылдын алдында Ташкент-Бишкек багыты боюнча аба каттамы ачылмай болду. Кийинки жылы рейстер Ташкенттен Ошко да багытталат.

Мындан сырткары кийинки жылы жай мезгилинде Ташкент-Балыкчы, Балыкчы-Ташкент багыты боюнча поезд каттамакчы. Бул эки өлкөнүн ортосунда туризм тармагын өнүктүрүүгө карата жасалган аракет. Экономика жаатындагы адистер, Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен транспорттук логистикалык тармакты өнүктүрүү демилгелери келечектүү экенин белгилешет. Эң ириде экономикалык жактан алганда.

Мамлекет башчысы жолугушууда рынокторду кеңейтүү жана транзиттик дараметти жогорулатууда транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүнүн, анын ичинде темир жол, унаа жана аба каттамдарынын мааниси чоң экенин баса белгиледи. Темир жол долбоору тышкы базарларга чыгууга Кыргызстан үчүн маанилүү болсо, ал эми Борбордук Азия чөлкөмүндө аны пайдалуу жана натыйжалуу транзиттик коридор катары пайдаланууга ыңгайлуу болору белгиленди.