Жаңылыктар
Бишкектин борбордук бөлүгү тез булганат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин борбордук бөлүгү тез булганат

Бишкек шаарынындагы  тез булганып жана  көчө тазалагандарга түйшүк жараткан  аймак бул шаардын борбордук бөлүгү. Буга эмне себеп элдик көптүгү же тазалыкты сактай албагандыкпы? Ал эми Тазалык муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү муну жарандардын жөнөкөй коомдук тазалыкты сактай албагандыгы менен түшүндүрүүдө.

Бишкектин тез булганып жана  тазалоодо кыйынчылык жараткан бул шаардын борбордук бөлүгү. Ал жактарда киши көп жүргөндөктөрдөн эмес, жөнөкөй көчө маданиятты сактабагандыктан болуп жаткандыгын бул тармакта эмгектенген адистер белгилешүүдө. Анткени ар кайсы жердеги жаткан таштандыларды тазалоого салыштырмалуу урнага салынган дарды тазалоо ыңгайлуу жана тез болот. Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашевдин айтымында жаңы конуштарга салыштырмалуу шаар ичи тазалыкты сактабайт.

Бирок шаар тургундары Тазалык ишканасы убагында таштандыларды албай  кыйналат десе, ал эми көчө шыпырып эмгектенгендер жарандар коомдук жайда жүрүү тартибин унутуп калгандыгын айтышат. Анткени шаар тургундары жөнөкөй  тамактанган же  эс алган  жерлерин тазалап кетүүнүнү унутуп коюшкан.

Өлкөнүнүн босогосун аттагандардын көпчүлүгү алгач Бишкеке келишет. Андыктан бул шаар алгач элдин турмушу, маданияттынан кабар берет. Буга байланыштуу өткөн жумада дагы  Президент Алмазбек Атамбаев дагы ишембиликте тазалык өзүбүздөн башталат экендигин эскертпей койгон жок.

Ар ким өз үйүнүн эшигинин алдын тазаласа бүт өлкө таза болот деген учкуч сөз айтылмакчы. Шаардын тазалыгын камсыз кылуу андагы жашаган ар жарандын колунда экендигин сезүүсү зарыл.

Мирбек Сакенов БИРИНЧИ РАДИО