Жаңылыктар
Москвага Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Москвага Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат

Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлиги Москвага улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу үчүн тендер жарыялады. Конкурстун талаптары мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды. 

Эстелик Россиянын ордо калаасынын Түштүк административдик округундагы Даниловский районунда жайгашкан жазуучунун аты берилген скверге коюлат. Жалпысынан бул үчүн бюджеттен 28 миллион сом каралган. Анын бир бөлүгү аймакты жакшыртууга жумшалат. 

Маалым болгондой, эки гектардан ашык жерди ээлеген скверге 2015-жылы жазуучунун аты берилген. Улуу жазуучунун эстелигин орнотуу иш-чаралары 2018-жылы Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө салтанатынын алкагында ишке ашууда.