2017-жыл - кыргыз спорту үчүн ийгилик жылмайган жылдардан болду. Ушул жылдын сентябрь айында Түркмөнстандын борбору болгон Ашхабадда өткөн Азия оюндарында өз куржунуна топтогон медалдык көрсөткүч боюнча Кыргызстан 8-баскычка чыкты.
Анда биздин спортчулар 70 медалдын ээси болуп келди. Мыкты көрсөткүчтөрдү багынткан спортчуларды Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик резиденцияда кабыл алып, аларга алкыш жарыялады.
Мына ушул биз сыймыктанган кыргыз спортунун жылдыздары, алардын машыктыруучулары, федерациялардын президенттери мамлекеттик резиденцияда чогулушту. Алар өкмөт башчы Сапар Исаковдун колунан сыйлык алуу үчүн өлкөнүн туш тарабынан борборго келишкен. Премьер-министр бүтүндөй өлкө алар менен сыймыктанарын айтты.
Премьер-министр ооматты Кыргызстанга оодарган спортчуларга алкыш баракчалары менен кошо акчалай сыйлык жана энчилүү сааттарды тапшырды.
2017-жылы кыргыз спортуна зор ийгилик жылмайды. Спорттун кайсыл гана түрү болбосун, дүйнөлүк, Азиялык биринчиликтерде Кыргызстандын желеги желбиреп турду. Премьер-министр белгилегендей, мында машыктыруучулардын эмгеги баа жеткис.
Өкмөт башчы спортчуларды чоң жеңиштерге өзү узатып, өзү тосуп алып жатты. Сапар Исаков спортту көтөрүү - өлкөнү өнүктүрүү программасынын алгылыктуу багыты экендигин белгиледи.