Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында ири өрт кырсыгы катталды
Кырсык
Жалал-Абад шаарында ири өрт кырсыгы катталды

Жалал-Абад шаарында ири өрт кырсыгы катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өрт Чутская көчөсүнүн №15 дарегинде 21-декабрда болжол менен саат 16:18де болгон. Тилсиз жоону өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган. 

Анын кесепетинен 12 чарчы метр жыгач сарай толугу менен күйүп кетти. Мындан сырткары өрт коңшу жайгашкан барак тибиндеги турак үйдүн чатырына өтүп, натыйжада 6 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. 

Ошондой эле Тешебаев көчөсүнүн №99А дарегинде 18 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн чатыры кошо күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.