Жаңылыктар
Сариев: аз да болсо экономикалык өсүштү камсыз кыла алдык
Экономика
Сариев: аз да болсо экономикалык өсүштү камсыз кыла алдык

14-мартта Парламенттин көпчүлүк коалициясы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн маалыматын эске алды.  Премьер-министр   өлкөдөгү экономикалык, социалдык жана геосаясий кырдаал боюнча маалымат берди.  2016-жылга Өкмөттүн 420 иш-чарадан турган планы бекитилген. Анын 87си кризиске каршы иш-чара  болгон. 

Кыргызстанда  саясий, социалдык-экономикалык абал  туруктуу . Өкмөт башчы  өзүнүн  билдирүүсүн  коалициялык көпчүлүктүн жыйынында   ушундай маалымат  менен  баштады.  Темир Сариевдин билдиришинче, ЕАЭБге  кирген өлкөлөрдөгү экономиканын басаңдашы жана суроо-талаптын төмөндөп кетиши, рубль жана теңгенин девальвациясы, Россияга   карата санкциялар өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө терс таасирин тийгизди. Мындай шартта  Кыргыз Өкмөтү ЕАЭБги кризистин таасирин азайтуу боюнча  ыкчам  чараларды көрүп,  тиешелүү чечимдерди кабыл алып,  экономикалык өсүүнүн оң динамикасын сактап калды.

Дүйнөдө түзүлгөн геосаясий кырдаал, мунайзат  наркынын кескин төмөндөп кетиши Кыргызстанга да терс таасирин тийгизбей койгон  жок. Ал өнөктөш өлкөлөрдө да кыйла чыӊалуу жаратып, жумушчу орундары кыскарып,  жан башына киреше төмөндөөдө. Ошого карабастан, биздин экономикабыз өткөн  жылдын жыйынтыгында бир аз болсо дагы өсүштү камсыз кыла алды. Эӊ башкысы, биз  экономикалык каатчылыктан да пайда таап калуу аракетинен азыноолак болсо дагы  майнап чыгара алдык..

Экономикалык каатчылык шартында, ишкердик чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү аракеттери жасалып жатканын, анын ичинде айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү өнөр жайына каралган жеӊилдиктер сакталып каларын, сатыктан алынган салык алынып салынганын, текшерүүлөрдүн саны кыскартылып жатканын билдирди. 

Сариев  ошондой эле  Өкмөт өлкө экономикасындагы орчундуу маселелерди парламент менен бирге  талкуулап, жагдайды жакшыртуу жаатында сунуштарды угууга кызыкдар экенин кошумчалады.  Мындай маалыматтан кийин  эл өкүлдөрү    энергетика тармагына келип жаткан инвестициялык каражаттарды жумшалышы, дыйкандар менен фермерлерди жеӊилдетилген насыя менен камсыз кылуу,  насыянын   шарттарын жакшыртуу,  тендерлерди  өткөрүү, ипотекалык насыялар, ГЭСтердин курулушу, инвестициялардын тартылышы, ЖОЖду оптималдаштыруу, жазгы талаачылык жумуштары   сыяктуу бир катар орчундуу маселелер  көтөрүлдү. Өкмөттүн дал ушул кризиске каршы программасында   өндүрүштү кайра жандандыруу жаатында  көрүп  жаткан чараларга  депутат  Иса Омуркулов кызыкты.

Эске салсак,  Жогорку Кеӊештин парламенттик көпчүлүк коалициясы14-мартта,  Өкмөттүн  кризиске каршы  пландын аткарылышы боюнча маалыматын укту. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Гүлбүбү Усенова БИРИНЧИ РАДИО