Жаңылыктар
Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарында тараптардын жарашуусу жокко чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарында тараптардын жарашуусу жокко чыгат

Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарында тараптардын жарашуусу жокко чыгат. Кылмыш жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми мындан ары жол кырсыктарынын күнөөкөрлөрү жоопкерчиликтен "кун төлөп" кутула албай калышат. Эл өкүлү Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору жол кырсыктарын азайтуу максатында иштелип чыккан.


Акыркы күндөрү жол сапарына чыгып, ажал тапкандар арбыды. Статистикалык маалыматка таянсак, 2017-жылдын 11 айында эле өлкө боюнча 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 700дөй адам мерт кеткен. Өкмөт үрөй учурган мындай кырдаалды токтотуу үчүн жол кырсыгын алдын алуунун түркүн аргасын издөөдө. 


Адистер ал үчүн алгач айдоочулук күбөлүктү алуудан баштоо керек дешет. Кылмыш-жаза кодексинин 281, 284 жана 284-беренелериндеги ченемдер адам каза тапкан жол кырсыктарына күнөөлүү жактардын кылмыш жазасынан кутулуп кетүүсүнө жол берүүдө. Ал эми 281-берене боюнча жабыр тартуучу каза болсо же ден соолугуна олуттуу зыян келсе, күнөөлүү жарандарды 5-7 жылга эркинен ажыратуу менен унаа айдоо укугунан 3 жылдык мөөнөткө ажыратуу сунушталууда.


Мындан сырткары, мас абалындагы же болбосо транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга унааны башкарууга берип, жол кырсыгына себепкер болсо айдоочу үч эселенген айыпка, же беш жылдык мөөнөткө эркинен ажыратылат. Мындай кадам айдоочулардын жоопкерчилигин арттырат.


Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкты түзүү тууралуу токтомго кол коюлгандан бери, бир топ иш аракеттер башталды. Мындай жагдай жол жүрүү эрежелерин туура сактап, унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоого карата көрүлгөн күчөтүлгөн чара болуп калды.