Жаңылыктар
"Таза коом - Жаңы доор" стратегиясынын долбоору эксперттердин талкуусунда
Кыргызстан жаңылыктары
"Таза коом - Жаңы доор" стратегиясынын долбоору эксперттердин талкуусунда

2018-2040-жылдарга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн "Таза коом - Жаңы доор" стратегиясынын долбоору эксперттердин талкуусунда. Бул ирет Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында өткөн форумда серепчи-талдоочулар стратегиянын долбооруна өз көз караш, пикирлерин билдиришти.

2018-2040-жылдарга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн “Таза коом - Жаңы доор” стратегиясынын долбоору эксперттердин талкуусунан өттү. Долбоор менен толук таанышып чыккан ар тармактагы адистер өз багыты боюнча сунуштарын беришти.

Таза коом долбоору жашоонун бардык тармагын жеңилдетип, жаңы доордо ачык коомду түзүүнү максат кылат. Форумдун биринчи күндөгү ишине борбор калаадагы жогорку окуу жайларынын студенттери, жаштар катышып, келечекти кантип өзгөртүп, жеңил жана бардар турмушта жашоону ишке ашыруу боюнча өз ойлорун айтып, сунуштарын беришкен.

Иш-чараны Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы уюштурду. Талкуунун жыйынтыгында стратегия боюнча берилген сунуштар иргелет.  2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы 2012-2017-жылга чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясынын уландысы болуп эсептелет. 

Стратегия алдына чоң максаттарды коюуда. Анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бардык түрү электрондоштурулуп, жарандардын коопсуздугун толук камсыздоо, илим билим аркылуу жаңы технологияларды жашоонун бардык тармагына киргизүү жана экономиканы кескин алдыга жылдыруу каралууда.