Жаңылыктар
Жөлөк пулдар тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүүнүн зарылчылыгы эмнеде?
Кыргызстан жаңылыктары
Жөлөк пулдар тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүүнүн зарылчылыгы эмнеде?

"Мамлекеттик жөлөк пулдар" тууралуу мыйзам 1-апрелден баштап күчүнө кирмей болду. Өкмөт мыйзамды ишке киргизүү мөөнөтүн үч айга артка жылдырууну сунуштап, толукталган документти Жогорку Кеңешке киргизген. Парламент толуктоолорду шарттаган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди. 

Эми 3 айга чейин өкмөт мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү калыбына келтирет. Бирок жаңы төрөлгөн балага "сүйүнчү" пул бериле берет.

“Мамлекеттик жөлөк пулдар” мыйзамы 1-январдан тартып ишке кирмек. Бирок документтеги айрым мүчүлүштүктөрдөн улам өкмөт анын ишке кирүү мөөнөтүн үч айга жылдырып берүүнү өтүнүүдө. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунованын айтымында жакшы жагы 600 миңден ашык балага жөлөк пул берилет, Жаман жагы жөлөк пул алуучулардын тизмесинен 30 миңдей бала чыгып калып жатканында. Бул 16 миңге жакын үй-бүлө жөлөк пулсуз калат дегендик. Мындан улам мыйзамдын айрым жоболоруна толуктоо киргизилди. 

Министрдин ырасташынча жөлөк пул алуучулардын тизмесинен чыгарылган балдар негизинен үч жаштан чоң бир, же эки балалуу, кирешеси 900 сомдон төмөн болгон аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө жашайт. Кеп каражатта эмес, маселе аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуда деген эл өкүлдөрү мыйзамды ишке киргизүү мөөнөтүн артка жылдыруу туура-дейт.