Жаңылыктар
Кыргызстанда имамдарды окутуу семинары башталды
Дин
Кыргызстанда имамдарды окутуу семинары башталды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Башкыртстандын дин өкүлдөрү менен биргеликте имамдарды окутуу семинарын баштады. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, иш-чара эки өлкөнүнүн дин кызматкерлеринин ортосундагы мамилени бекемдеп, салттуу динди жайылтууда, экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө тажрыйба алмашууну көздөйт. Ошондой эле окуу өлкөдөгү орус тилдүү имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга арналган. 

Ага Чүй облусунунун жана Бишкек шаарынын имамдары катышууда. Белгилей кетсек, 23-декабрда башталган семинар сегиз күнгө созулмакчы.