Жаңылыктар
Кыргызстандын экономикалык өсүшү 3,2 пайызга жогорулады
Экономика
Кыргызстандын экономикалык өсүшү 3,2 пайызга жогорулады

Кыргызстандын экономикасынын өсүшү быйыл 3,2 пайызды түздү. Мындай маалымат Эл аралык валюталык фонддун сайтына жарыяланды. Ага ылайык, Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 2018-жылы 3,3 пайызга өсүшү күтүлүүдө. 

Инфляция 2017-жылы 3,2 пайызды түзсө, 2018-жылы 5,5 пайызга жогорулайт. Ал эми мамлекеттик карыздын көлөмү үстүбүздөгү жылы ички дүң өнүмүнүн 57,1 пайызын түзсө, келерки жылы 58,2 пайыз болот. Мындан тышкары, 2018-жылы экспорттун көлөмү быйыл 10 пайызга өскөн болсо, келерки жылдын прогнозунда 6,2 пайыз өсөрү болжолдонууда. 

Импорт 2018-жылы 11,5 пайызга жогорулайт. Эл аралык валюталык фонду жыл башынан бери өлкө экономикасынын өсүшүн 3,5 пайыз деп болжолдогон. Октябрь айында кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал ички дүң өнүмдүн 0,3 пайызга кыскарышына алып келген.