Жаңылыктар
Кыргызстандык мушкер Р.Физиев атаандашын 1-раундда эле нокаут менен жеңди
Спорт
Кыргызстандык мушкер Р.Физиев атаандашын 1-раундда эле нокаут менен жеңди

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев эл аралык "Road FC" турниринде атаандашын техникалык нокаут менен жеңди. Бул тууралуу аталган уюмдун Facebook баракчасында жарыяланды. 

Турнир 23-декабрда Кореянын борбору Сеулда өттү. Анда Рафаэль Физиев монголиялык атаандашы Нандин Ерденди беттештин биринчи раундунда дароо утуп алган. Спортто "Атаман" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев 11 жашынан тарта тай боксу менен машыгат. 

Кийинчерээк өлкөнүн Тай боксу федерациясына которулуп, Кыргызстандын жана Азиянын бир нече жолку чемпиону болгон. Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган "Sherdog" порталынын маалыматына ылайык, ММA (Эм-Эм-Эй) боюнча профессионалдуу 5 беттештин жеңүүчүсү.