Жаңылыктар
“Театрлар таймашы” дагы бир жеңүүчүнү аныктады
Маданият
“Театрлар таймашы” дагы бир жеңүүчүнү аныктады

11-март күнү Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында “Театрлар таймашы” болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Таймашта Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры  менен Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын актерлорубеттешти.

М. Байджиевдин “Төрт адам”, У.Шекспирдин “Ричард III”, Т. Абдумомуновдун “Машырбек үйлонөт” спектаклдеринен үзүндү аткарган актерлор соңунда калыстар тарабынан берилген “Тарых жана маданият” деген темада кызыктуу оюн көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн колдоосуна  арзыды.

Жыйынтыгында 0,2 упай айрыма менен Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук театры жеңишке жетишти.

Аталган таймаш  Маданият,маалымат жана туризм министрлиги тарабынан “Тарых жана маданият” жылына карата өткөрүлүүдө. Театр өнөрүнө жаңылык киргизип, биринчи ирээт болуп жаткан таймаш айлампа түрүндө өткөрүлүп, жеңип чыккан театрга 1 миллион сом байге берилет.