Жаңылыктар
Кыргызстанда эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды
Кылмыш
Кыргызстанда  эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды

Кыргызстанда кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн келген эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдиргендей, кармалган жаран 27 жашта. 

Анын Сирияда атайын даярдыктан өтүп, өкмөттүк армияга каршы аракеттерге активдүү катышканы аныкталган. Эл аралык уюмдун башчыларынын буйругу менен колго түшүрүлгөн адам террордук аракеттерди көрүп, Кыргызстандан Сирияга согушкерлерди жөнөтүү боюнча жаңы каналдарды түзүүгө милдеттендирилген. 

Учурда ал тергөө абагында. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.