Жаңылыктар
Бишкек-Ташкент авиа каттамы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Ташкент авиа каттамы ачылды

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 13-14-декабрында коңшу Өзбекстанга расмий иш-сапарынын алкагында бир нече келишимдерге кол коюп, макулдашып келген. Алардын бири эки өлкө ортосунда транспорттук каттамдарды жандантып, соода-экономикалык алаканы бекемдөөгө багытталган. 

Эми Бишкектен түз Ташкент шаарына конгон аба каттамы жүрө баштады. Жургүнчүлөрдү ташуу ата мекендик компаниялар тарабынан жүргүзүлүп, баасы да жеткиликтүү.

Учактын расмий ачылышы лента кесүү менен башталды. Анткени 1996-жылдан бери ата-мекендик авикомпаниялар коңшу Өзбекстанга аба каттамын түрдүү себептерден улам токтоткон. Боинг 730-800 учагы тейлөө жагынан эл аралык талапка жооп берип, чү дегенде эле 105 жүргүнчүгө билет сатылган.

Аба каттамдын ачылышы менен өлкөгө келген туристтердин саны көбөйөт. Эки өлкө ортосунда дагы бир достук көпүрөсү салынып, маданий-гуманитардык, социалдык-экономикалык алакалары бекемделээри бышык.

 Мындан сырткары 2018-жылдан тарта Ош-Ташкент-Ош аба каттамы жүрө баштайт.

Билеттин баасы Өзбекстандык аба каттамдарынан эки эсе арзан. Бишкектен Ташкентке чейин учуу мөөнөтү бир саат.