Жаңылыктар
Кыргызстандын футболчулары гол киргизүү боюнча Орто Азияда биринчиликте
Спорт
Кыргызстандын футболчулары гол киргизүү боюнча Орто Азияда биринчиликте

Борбор Азия боюнча эң көп гол кирген футбол биринчилиги Кыргызстанда болду. Өлкөнүн футбол федерациясынан кабарлашкандай, бул жылы Кыргызстанда өткөн топ-лиганын 60 оюнунда дарбазачылар 177 голду тосо албай калышкан. 

Андан кийин Түркмөнстан турат. Алар 144 оюн өткөрүп 417 голду өткөрүп жиберишкен. Ал эми коңшу Казакстанда 198 оюн өтүп, 566 топ кирген.