Жаңылыктар
2025-жылы Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү мунай базары иштей баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
2025-жылы Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү мунай базары иштей баштайт

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады. Мындай тутум ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдөн күйүүчү майларды бажы төлөмдөрүсүз сатып алууга жол ачат. Эми долбоор уюмга кирген бардык мамлекеттердин жетекчилиги тарабынан колдоо табышы керек. Кыргызстан учурда мунай заттарын бажы төлөмдөрүсүз Орусиядан гана алат. 

Бул күйүүчү майлардын баасынын коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан болушун шарттоодо. Бажы төлөмдөрүсүз сатып алууну ЕАЭБдин башка өлкөлөрү менен да жүргүзүүгө бирдиктүү базардын түзүлүшү жол ачат. Мындай долбоорду Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши колдоду. 2025-жылга чейин же бирдиктүү рынок түзүлгүчө 50дөй иш-чараны аткаруу зарыл. Кыргызстан мунай продуктулары боюнча бирдиктүү базардын түзүлүшүнө оң баа берет. Бул мунайды кайра иштетүүчү ишканалардын өндүрүшүн жандантат.

Бирдиктүү базар ЕАЭБдин саясатына, табиятына туура келет. Андыктан келечекте мунай гана эмес, башка товарларды да ушундай жол менен жүгүртүү ишке ашышы мүмкүн. Бул экономикага оң таасирин тийгизет деген адистер бар. Мунай жана мунай заттарынын бирдиктүү базары күйүүчү майларды соодалоодо бажы төлөмдөрүн гана эмес, башка тоскоолдуктарды да жоет. Эми алдыда мунайды сатып алууда кайсы акча бирдигин колдонуу керектиги да чечилиши керек. Бирдиктүү базар маселеси ЕАЭБге мүчө бардык өлкө жетекчилеринин колдоосуна ээ болгондон кийин гана долбоор ишке аша баштайт. Ага чейин дагы сегиз жылга жакын убакыт бар.