Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусунун активи менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ош облусунун активи менен жолугушту

Оштогу көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп-интернатынын 115 тарбиялануучусу Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун колунан жаңы жылдык белек алышты. Төрага балдардын концерттик программасына күбө болду. Ош шаарына болгон алгачкы иш-сапарында спикер Оштогу бир катар социалдык объектилерди кыдырып, жергиликтүүлөр менен жолукту.

Жапалак аймактык кеңеши - Ош шаарынын эң чоң айыл аймагы. 30 миңден ашуун калк жашаган аймактын али күнгө чейин инфрастуруктаралык абалы толук жолго коюла элек. Аймактын айрым райондоруна ичүүчү таза суу күнүнө сегиз сааттан гана берилип келет. Кошумча суу бөлүштүргүчтү куруу үчүн кеминде 160 млн. сом керектелет. Бул көйгөй менен Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жеринде таанышты. 6 миң куб. метр сыйымдуулуктагы кошумча суу бөлүштүргүчтү куруу менен, бир эле Жапалактыктардын эмес, жаңыдан өздөштүрүлүп жаткан Кең-Сай тилкесинин да таза суу көйгөйү чечилет. 3,600 гектар трансформацияланган жер аянтына жалпы 12 миңдей адам жайгашат. 

Андан соң, төрага, Оштогу Өзбекстан тарап куруп берип жаткан мектептин курулушу менен таанышты. 630 окуучуга ылайыкташкан билим уясы, 220 миң АКШ доларына курулууда. 3 кабаттан турган мектепти Өзбек тарап, балдардын билим алуусуна зарыл болгон бардык заманбап шарты менен куруп берет. Алишер Навои атындагы кыргыз тилдүү мектеп-гимназияда учурда 700дөн ашуун окуучу билим алат. 

Төрага Дастанбек Жумабеков, бул саамалык - эки элдин достугунун данакери катары тарых барактарында сакталып калаарын белгиледи. Өзбекстан мамлекетине болгон эки күндүк иш-сапарынын алкагында төрага өзбек кесиптештери менен айыл-чарба жаатында да бир топ маселелерди талкуулаган. Дыйканчылыгы окшош болгон өзбек калкы айыл-чарба шаймандары менен кызматташууга кызыкдар. Быйыл жайда Өзбекстандын “Узагротехмаш” акционердик коому Оштук дыйкандарга пахта терүүчү техникасын сыноо иретинде жиберген. Ош облусунда бүгүнкү күндө 9 миң гектардан ашуун пахта аянты бар. Облустун дыйкандары быйыл 27 миң тоннадан ашуун ак була жыйнаганга жетишти. 

Ал арада, Оштогу көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп-интернатынын тарбиялануучулары Төрага менен жолугууну чыдамсыздык менен күтүп турган. ЖКтин спикери балдарга куру кол келген жок. Ал эки ноутбук менен, жаңы-жылдык таттууларды белекке берди. Ыраазычылык иретинде балдар төрагага концерттик программа тартуулашты. Бул мектеп - түштүктөгү көзү азиз жана көрүүсү начар балдарга билим берген жападан жалгыз мекеме. 1979-жылдары бала-бакча иретинде курулган имараттын спорт аянтчасы жок. 2003-жылы интернаттын пайдалануусуна берилген жай - заманбап оңдоп-түзөөнү талап кылат. Төрага келээрки жылда ЖК Төрагасынын кошумча фондунан каржылык колдоо көрсөтөөрүн убадалады. 

Иш-сапардын соңунда ЖК Төрагасы Ош шаардык кеңештин эл өкүлдөрү жана Ош шаарынын автивдери менен жолукту. Калаадагы 13 аймактан келген атуулдар, төрагага жол, суу, мектеп, оорукана жана жылуулук көйгөйлөрү сыяктуу социалдык маселелерди көтөрдү. Төрага, Жогорку Кеңеш элдин жашоо-шартын жакшыртууга зарыл болгон мыйзам долбоорлорду кабыл алууну улантаарын белгиледи.