Жаңылыктар
Кыргызстанда унаа чыга баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда унаа чыга баштайт

Келерки жылы Кыргызстанда Өзбекстандан чыккан автобустар менен жеңил унаалардын жана айыл чарба техникаларынын тетиктерин чогулткан үч завод ишке киргизилет. Алар Бишкек, Ош жана Кара-Балта шаарларында ачылганы турат. Бишкекте Өзбекстандын автомобиль өнөр жайы тааныштырылды. Өзбекстандан чыккан ISUZU автобустарынын, RAVON үлгүсүндөгү жеңил унааларынын мүмкүнчүлүктөрүн Бишкекте тааныштыруу Кыргызстан менен Өзбекстандын машина куруу тармагы боюнча жетишилген макулдашуусунун жыйынтыгы.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Эсенкул Момункуловдун ырасташынча бул багытта кызматташууну ыкчамдатуу боюнча 4 ири иш-чара өткөрүлгөн. Анын бири Ташкентте өткөн бизнес-форум. Анда тараптар автоунаа, автобус жана айыл чарба техникаларынын тетиктерин чогултуу боюнча биргелешкен ишкана куруу келишимине кол коюлган. Унаалардын тетиктерин чогултуу боюнча заводдун ачылышы менен жеке эле кошумча жумуш орундары түзүлбөстөн ири инвестиция тартылат. Бул кеминде 5 миллион долларга жакын инвестиция.

Ошентип 2018-жылы Өзбекстан Кыргызстанда RAVON үлгүсүндөгү жеңил унаалардын 4 түрүн жана ISUZU автобустарын чыгарууну көздөп турат. Заводдор Бишкек, Ош жана Кара-Балта шаарларында ачылат. Жеңил унаалардын тетиктери Ошто ал эми автобустардыкы Бишкекте ачыла турган заводдордо чогултулат. Айыл чарба техникалары Кара-Балтадагы заводдо кураштырылат. Ишканалар учурда иштеп жаткан заводдордун курамында ачылат. Үч заводдон чыккан унаалар жана айыл чарба техникалары ички рынокко жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылат. RAVON үлгүсүндөгү жеңил унаалардын баасы 6 миң доллардан жогору. Ал эми автобустардын наркы 38 миңден 77 миң долларга чейин болот.