Жаңылыктар
Кыргыз-казак алакасы мындан ары бекемделүүнүн гана үстүндө болот
Саясат
Кыргыз-казак алакасы мындан ары бекемделүүнүн гана үстүндө болот

Кыргызстан менен коңшу Казакстандын мамилеси мындан ары бекемделүүнүн гана үстүндө болот. Өз ара алаканы арттырууга эки тарап тең бирдей кызыкдар. Мындай пикирлерин президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасына болгон расмий сапары учурунда эки мамлекет башчылары билдиришти. 



Номур биринчи борт Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортуна түш оой келип конду. Астанада аба ырайы суук, кардын калыңдыгы кызыл ашыктан. Өлкө башчынын иш сапарынын урматына ардак короол тизилип, эки мамлекеттин желектери илинген. Аэропортто президент Сооронбай Жээнбековду Казакстан Республикасынын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аскар Мамин жана тиешелүү кызмат адамдары тосуп алды. 



Бир аз тыныгуудан кийин иш сапардын расмий бөлүгүнө өтүүгө убакыт келди. Ак ордодо ардак кароол тизилип, мамлекет башчыларынын жолугушуусунун жөрөлгөлөрүнө бардык даярдыктар көрүлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбековду Ак ордодо Нурсултан Назарбаев тосуп алды, өлкө башчылары алгач эле эки тараптын делегация мүчөлөрү менен таанышууга өтүштү. Биринчи Казакстандын делегациясы менен, андан соң Кыргызстандыкы тааныштырылды.

Президенттерге ардак кароолдун даярдыгы тууралуу билдирме берилген соң, эки мамлекеттин гимндери жаңырды. Биринчи Кыргызстандыкы, гимн ойнолуп жатканда Сооронбай Жээнбеков менен кошо Нурсултан Назарбаев да колун көкүрөктө кармап турду. Бул да болсо анын боордош элге болгон сый урматы десек болот.

Расмий салтанаттуу иш-чаралардан кийин президенттер тар чөйрөдөгү жолугушууга өтүштү. Нурсултан Назарбаев мында кесиптешин жылуу тосуп алып, Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга расмий сапары менен келгенине кубанычта экенин билдирди.