Жаңылыктар
Борбор калаага жаңы маршруттук автобустар келет
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаага жаңы маршруттук автобустар келет

Ордо калаанын маршруттук каттамы 350 жаңы автобус менен толукталат. Жаңырган жылдын жаз айларында ишке аша турган келишимге “Газпромбанк”, “Газпром Кыргызстан” жана өлкөнүн социалдык фонду жана Бишкек мэриясы болуп көп тараптуу меморандумга кол коюлду. 

Автобустарды сатып алуу үчүн керектеле турган 3 жарым миллиард сомду "Газпромбанк" 12 пайыздык үстөк менен "Газпром-Кыргызстан" аркылуу берет. Мэрия насыяны төлөөгө 350 миң баалуу кагазды сатыкка чыгарат. 

Насыянын төлөө мөөнөтү 2025-жылы аяктайт. Орусиядан алынып келине турган автобустар газ менен жүрүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жүрүүсүнө ошондой эле вай-фай, желдеткич жана башка заманбап шарттардын баардыгы камтылган.