Жаңылыктар
Алайда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Алайда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн,  26-декабрда түнкү саат 03:02де Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык Ош облусунун Алай районунун аймагында очогунда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Алай районунун Бор-Дөбө, Нура, Икизяк, Иркештам айылдарында 4 балл, Кара-Киндик айылында - 3,5 балл жана Арча-Булак,Сары-Таш айылдарында - 3 балл сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Мындан тышкары таңкы 6:30 да Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунда Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка жолунун 73-75-чакырымында көлөмү 1 жарым миң кубга барабар көчкү түшүп негизги жолду жаап калган. Учурда жол тазаланып жатат жана жабыркагандар жок.