Жаңылыктар
Бишкек-Ош унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилди
Өзгөчө кырдаал
Бишкек-Ош унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилди

Кечээ, 25-декабрда Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош жолунун 123-125-127-чакырымдарында кар жаап, жол тайгак жана туман болгондуктан жолдо жүрүүгө кыйынчылык жаралды. 

Мындан улам, тыгын пайда болуп, түнкү саат 20:45тен тарта “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Бул туралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Учурда жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүрүп жатат.