Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри менен жолугушту
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга жасаган расмий сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз-казак кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана ЕАЭБдин алкагында мындан ары кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашышты. 

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусун канааттануу менен белгилеп, казак тарап эки тараптуу кызматташуу маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бөлүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Бакытжан Сагинтаев Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады. 

Тараптар кол коюлган Жол картасын ишке ашыруу маселелерин дагы козгоп өтүштү жана бардык маселелерди эки өлкөнүн элдери ЕАЭБке кошулгандыгынын артыкчылыктарын сезгидей чечүү керек экендигин баса белгилешти. Ошондой эле суу курулмаларын жана ресурстарын биргелешип сарамжалдуу пайдалануу тууралуу маселеле дагы талкууланды. 

Жолугушуунун соңунда Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Сооронбай Жээнбековго ийгиликтерди каалап, Москвада боло турган КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна үзүрлүү барып келишине тилектештигин билдирди.