Жаңылыктар
Борбор калаада дагы бир асма өтмөк салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада дагы бир асма өтмөк салынды

Бишкек шаарында дагы бир жөө адамдар үчүн асма өтмөк салынып, анын ачылышы болду. Чүй проспектиси менен Шабдан баатыр көчөсүнүн кесилишинде, же тактап айтканда, Мадина базарынын маңдайына курулган асма өтмөк, эми жолдон ары-бери өткөн жарандар үчүн коопсуз жайга айланды. 

Узундугу 37 метр, туурасы 3 метр болгон өтмөктү курууга Бишкек мэриясы 18 млн. сом каражат бөлгөн. Шаар башчысынын айтымында, келерки жылы мындай өтмөктөн дагы төртөө курулат.