Жаңылыктар
Якутск шаарында мекендештерибиздин демилгеси менен «Калемгерлер уюму» түзүлдү
Маданият
Якутск  шаарында мекендештерибиздин демилгеси менен  «Калемгерлер уюму» түзүлдү

Саха Республикасынын Якутск шаарында  кыргыз мекендештерибиздин демилгеси менен «Калемгерлер уюму» түзүлдү. Бул тууралуу “Манас” кыргыз диаспорасынын жетекчиси, уюмдун мүчөсү Данияр Байгутуев билдиргендигин “Замандаш”ассоциациясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.  

“Якутскиде эмгектенип, жашап келе жаткан мекендештерибиздин арасында чыгармачылык дарамети бийик жаштар өтө көп.  Уюмдун түзүлүшүнүн негизги максаты бири-бирибиз менен жолугуп, чыгармачылыгыбызды, өнөрлөрүбүздү өрчүтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле тандамал чыгармаларды  эл алдына тартуулоо болуп саналат”, - деген Д.Байгутуев. Учурда уюмдун биринчи жолугушуусу өтүп, мүчөлүккө 15 киши кирген.