Жаңылыктар
Маданият тармагындагы жыл жыйынтыгы
Маданият
Маданият тармагындагы жыл жыйынтыгы

2017-жыл - маданият тармагы үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. 

“Ыйман, адеп жана маданият” жылында көптөгөн ири маданий иш-чаралар өттү. Күздүн биринчи айында эле дүйнө элдеринин эпосторунун 4-фестивалы болду. Иш-чара ар 3 жылда бир жолу өтөт. Кезектеги фестиваль улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналды.

Быйыл маданият мекемелеринин материалдык базасын чыңдоо боюнча да алгылыктуу иштер аткарылды. Мисалы, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры толук оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Ал эми Талас облустук драма театрдын ишке берилгенин маданият ишмерлери өзгөчө белгилешет. Бул имарат 2008-жылдан бери бүтпөй келген. Ушундай эле иштер Нарында да аткарылды.

“Ыйман, адеп жана маданият” жылынын башында, кыргыз маданиятына эмгеги сиңген 130 кишинин мааракелик иш-чараларын өткөрүү пландалып, жер-жерлерде белгиленди. Ошондой эле, жакында эле маданият кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Жалпылап айтканда, 2017-жылы маданият тармагында алгылыктуу иштер аткарылып, эми 2018-жылы да маданий багытты өнүктүрүү максаттары коюлууда.