Жаңылыктар
С.Жээнбековдун Казакстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды
Саясат
С.Жээнбековдун Казакстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталды. Визиттин алкагында мамлекет башчы коңшу өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек ара боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Мындан сырткары кызматташтыктын башка багыттары боюнча орток пикир табылды. 

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген маселе калбашы керек. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө лидерлер мына ушундай пикирлерин билдиришип, өз ара кызматташтык мындан ары бекемделүүнүн гана үстүндө болоруна басым жасашты.

Тар жана кеңири курамдагы жыйындарда эки өлкөнүн соода экономикалык байланышы, аны менен бирге чек ара, фитосанитардык, ветеринардык, бажы, салык көзөмөлү, автотранспорттук ташуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Расмий сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков бүгүн Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуп, кыргыз-казак кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана ЕАЭБдин алкагында мындан ары кызматташуунун келечеги талкууланды.

Ушуну менен өлкө башчынын Казакстанга болгон расмий сапары соңуна чыкты. Түштөн кийин номур биринчи борт Астанадан Орусияга учуп кетти. Москвада өлкө башчысы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышмакчы.