Жаңылыктар
С.Исаков жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барды
Саясат
С.Исаков жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барды

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге койгон бардык талаптарына жооп бериши керек. Анын ичинде күйүүчү-майлоочу майлар да бар. Ошол себептен премьер-министрдин Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын максаттарынын бири да Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызмунайгаз" ишканасын кыдыруу болду.

Өкмөт башчы атайын техникалар токтоочу жайды көруп чыгып, жамаат менен жолугушту. Сапар Исаков республикалык бюджетке түшүп жаткан каржы булактарын, жумушчу орундарды ошол көлөмүндө сактап калып, өндүрүш деңгээлин жогорулатуу керек экендигин баса белгиледи. Ал анткен менен инвестиция тартуусуз мүмкүн эмес экендигин кошумчалады.

Ошондой эле премьер Жалал-Абад мамлекеттик университетине барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты. Муну менен катар университеттин студенттери менен жолугуп, «Таза Коом» долбоору тууралуу жана 2019-жылга карай Өкмөттүн ишин толук санариптештирүү боюнча пландар тууралуу айтып берди. Ошондой эле «Жаңы доорго - кырк кадам» программасы тууралуу да сөз болду.

Өкмөт башчы ошондой эле Жалал-Абад шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө балдар психоневрологиялык стационардык мекемесинин тарбиялануучуларынын жыны жылдык майрамына катышып, аларга белек-бечкектери тапшырды. Сапар Исаков - Өкмөт социалдык мекемелерди жана алардын тарбиялануучуларын колдоо боюнча өз ишин улантат, -деди.