Жаңылыктар
Билим берүү тармагында жыл жыйынтыгы
Билим
Билим берүү тармагында жыл жыйынтыгы

Билим берүү системасынын башкы милдети калкты мектеп жана бала бакча менен камсыз кылуу. Акыркы 2-3 жыл аралыгында өлкөдө, алыскы тоолуу райондорду кошо эсепке алганда жалпы 150дөн ашуун билим берүү мекемеси салынган. Курулуш иштери дагы деле уланууда.

Быйылкы жылы Бишкек менен Ош шаарын эсепке албаганда республика боюнча жалпы 10 мектеп колдонууга берилген. Андан тышкары 11 мектептин окуу корпусу курулуп ишке кирди. Жеткинчектердин ден соолугуна кам көрүлүп, иштеп жаткан 19 билим уяга спорт зал салынган. Бир жыл аралыгында мектеп жашына чейинкилер үчүн 4 бала бакча курулду.

Ал эми студенттер үчүн “Таза Коом” программасынын алкагында санариптик билим берүү жайылтылууда. Азыркы күндө электрондук аудитория, ырааттама жана китепкана киргизилип жатат. Мунун баары билимдин сапатын жогорулатууга карата жасалууда.

 

Жалпы жонунан алганда билим берүү тармагында өзгөрүүлөр бар. Курулуш иштери, электрондук билим берүүгө өтүү жана башка жаңылыктар көп. Мамлекет учур талабына жараша билим уяларын түптөп жаш муунга татыктуу билим берүү аракетинде.