Жаңылыктар
Кыргыз - Кытай чек арасы жабылат
Чек ара
Кыргыз - Кытай чек арасы жабылат

Кыргыз - Кытай чек арасы 2017-жылдын 30-декабрынан 2018-жылдын 1-январына чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди. 

Кытай тараптын демилгеси менен жаңы жыл майрамына карата кыргыз - кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркештам” көзөмөл өткөрмө бекеттери убактылуу жабык болот. 

2-январдан тарта бекеттер кайрадан адаттагы тартип боюнча иштей баштайт.