Жаңылыктар
С.Жээнбеков КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты
Саясат
С.Жээнбеков КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Орусиянын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты. 

Бул мамлекет башчынын Россия Федерациясына жасаган экинчи иш сапары. Эске салсак, 26-декабрда түшкө чейин Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга эки күндүк расмий сапарын жыйынтыктаган. Ал жерден Нурсултан Назарбаев менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 

Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду жана эки мамлекеттин лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышты.