Жаңылыктар
Ош облусунунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Билим
Ош облусунунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунунда дагы бир жаңы билим уясы пайдаланууга берилди. Кара-Суунун Төлөйкөн айыл аймагындагы № 99 Нурланбек Сайдиев атындагы орто мектепти жаңылоо аракети 2013-жылы башталып, каржылык тартыштыктан токтоп турган. 

420 окуучууга ылайыкташкан орто мектептин окуу корпусу заман талабына толук жооп бергидей болуп курулду. Объекттин курулушунун экинчи баскычы же, 40 млн. сомго бааланган спорттук аянтчасы кийинки жылга жылдырылган. 

Быйыл аймакта жалпысынан алты социалдык объектинин курулушу башталып, мунун төртөө пайдаланууга берилди. Жаңы эмкана менен балдар бакчасы элет элинин түйшүгүн жеңилдеткенин мындагы тургундар билдиришүүдө. Беш чоң айылдан турган Төлөйкөн айыл аймагында 26 миңден ашуун калк жашайт.