Жаңылыктар
Таласта мушташтан каза болгон окуучунун туугандары тергөө иштерине нааразы
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта мушташтан каза болгон окуучунун туугандары тергөө иштерине нааразы

Манас районундагы массалык мушташтан каза болгон өспүрүмдүн туугандары тергөө иштерине нааразы. Нурманбетовдордун үй-бүлөсү 70-80 бала мушташкан уруштун кесепетине бир гана бала күнөөлүү катары шектелип жатканын туура көрүшпөйт. Ага кошумча, шектүү баланын тез эле үй камагына чыгарылышы да жабырлануучу тарапты нааразы кылууда.

Эскерте кетсек, бир апта мурун Таластын Манас районундагы Бала-Саруу айылында өспүрүмдөр ортосунда массалык мушташ чыгып, анын натыйжасында 16 жаштагы Али Жандар уулу каза тапкан. Иликтөө көрсөткөндөй, мушташка Бала-Саруу жана Покровка айылынын жогорку класстарынын окуучулары катышкан. 


Бул балдар Бала-Саруу айылындагы орто мектептин жогорку класстарынын окуучулары. Айыл четиндеги бир жума мурун болгон окуяны өз жеринде кандай болгонун көрсөтүп берип жатышат. Алардын айтымында ошол каргашалуу кечте коншу Покровка айылынын орто мектебинин окуучулары бул айылдын балдарын сүйлөшүүгө чакырышкан. 

Эки айылдын балдарынын ортосунда буга чейин да бирин-серин кайым айтышуулар орун алып, эми териштирүүлөр болмок. Бул талаада ошол мушташтан калган таяктар азыр да жатат. Атүгүл коншу айылдын балдарынын колдорунда ок атуучу тапанча да болгонун окуучулар айтат.