Жаңылыктар
Калың түшкөн кардын кесепети...
Өзгөчө кырдаал
Калың түшкөн кардын кесепети...

Аба ырайынын кескин өзгөрүшү айдоочуларга, жолчу жана куткаруучу кызматкерлерге түйшүк жаратты. Калың түшкөн кардан улам Бишкек - Ош жолу убактылуу жабылып, тийиштүү тармактын адистери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ошондой эле ордо калаада дагы жолдор кардан тазаланып жатат.

Бишкектин муниципалдык ишканасы биринчи күнү эле шаар көчөлөрүнө 60 тонна кум, 7 тонна туз чачып чыкты. Жалпы 516 кызматкер унаа жолдордун чекелерин, жөө адамдар басуучу жолдорду жана аялдамалардын карын күрөп, музун чагууга тартылган. Ишкана кыш камын көрүп 11 миң 400 тонна кум, 850 тонна туз камдаган. Андан тышкары техникалар жаңыртылып, алардын саны 30дан ашат.



Ал эми өлкөнүн тоолу аймактарында кардын калыңдыгы бир метрге чейин жетти. Бишкек - Ош жолунда 2 чоң жана майда көчкүлөр түшүп, кар күрткүлөр жаралгандыктан, каттамда унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди. Адистер абал жөнгө салынганча айдоочуларды сапарга чыкпай турууну өтүнөт.

Өзгөчө кырдаалдар минисрлиги алдыда күтүлгөн аба-ырайы тууралуу алдын-ала СМС аркылуу кабар берген. Чукул кырдаал кызматы көчкү түшүп кетүү коркунучу бар участоктордо өз ишин баштады.


Жол толук тазаланганда гана чектөө алынат. Ага чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки тараптан: Чүй облусундагы “Сосновка” посту менен Токтогул районундагы “Арал” постунда унаа топтолгон жерге жылынуучу жай уюштурулуп, айдоочуларга ысык чай берилүүдө.