Жаңылыктар
Талас: катуу шамалдан бир нече социалдык объектилердин чатырлары жараксыз калды
Өзгөчө кырдаал
Талас: катуу шамалдан бир нече социалдык объектилердин чатырлары жараксыз калды

27-декабрга караган түнү болгон катуу шамал Кара-Буура районундагы Бакыян жана Кызыл-Адыр айылдарындагы мектептердин чатырларын учуруп кетти. Андан тышкары, бир нече жеке турак үйлөрдүн да чатырларын жараксыз абалга келтирди. Ушундай эле көрүнүш Бакай-Атанын Өзгөрүш, Ак-Дөбө, Урмарал айылдарында да болду.

Жаратылыштын катаал сыноосуна туш болгон бул объектилерге атайын комиссия баа берип, чыгымдар эсептелинип жатат. Белгилей кетсек, шамалдан жабыркаган мектеп жана социалдык объектилердин чатырлары жакында гана жаңыртылып жабылган болчу. 

27-декабрга караган түнү саат 2-3төр чамасында башталган кар аралаш катуу шамалдын ылдамдыгы Таласта секундасына 29-30 метрге жеткен. Анын кесепетинен мына бул Бакыян айылдык мектебинин ашканасынын чатыры учуп, жерге кулап түшүп калган. Айыл аймак башчысынын айтымында, бул чатырлар 2011-жылы эле жабылган экен.

Ушундай эле абал Кызыл-Адыр айылындагы Манас жана Орозбеков атындагы орто мектептеринде да катталды. Бул жерде да мектептердин чатырлары мындан 4-5 жыл мурун гана жаңыртылган. Адистердин айтымында чатырлар сапатсыз жабылгандыктан шамалга туруштук бере алган эмес.

Ал эми Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында Герцен атындагы музейдин чатыры кулаган. Урмарал, Өзгөрүш, Кызыл-Чарба айылдарында жеке турак үйлөрдүн чатырлары учкан. Учурда атайын коммисия жеринде чыгымдарды эсептөөдө.