Жаңылыктар
III Көчмөндөр оюндарында кандай өзгөчөлүктөр болот?
Кыргызстан жаңылыктары
 III Көчмөндөр оюндарында кандай өзгөчөлүктөр болот?

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылы сентябрь айында өтөт. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарада этноспорт оюндарынын 37 түрү көрсөтүлөт. 

Алардын негизги багыты – дүйнө элдеринин маданиятын, тарыхый мурастарын сактап, жандандыруу болуп саналат. Ал эми негизги жаңылыгы - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып чыгарылган Улуу жеңишти даңазалаган китеп. 

Анда Улуу күрөш чебери, Улуу Көчмөн, Улуу Баатыр, Улуу Жаачы, Улуу Жаачы айым жана Улуу Көк бөрүчү чагылдырылмакчы.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында этномаданий фестивалдар жана сынактар, илимий конференциялар, симпозиумдар менен тегерек столдор уюштурулары айтылды.