Жаңылыктар
"Кентавр" тасмасы Германиянын кинотеатрларында көрсөтүлөт
Маданият
 "Кентавр" тасмасы Германиянын кинотеатрларында көрсөтүлөт

Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы 28-декабрдан тарта Германиянын кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Кинематографисттер союзунун уюштуруу иштери боюнча катчысы Талант Төлөбеков билдирди. 

Анын айтымында, кыргызстандык тасма Германиянын Берлин, Лейпциг, Дрезден, Гамбург сыяктуу 41 шаардын 47 кинотеатрында көрсөтүлмөкчү.

Эскерте кетсек, "Кентаврдын" дүйнөлүк премьерасы үстүбүздөгү жылдын февраль айында эл аралык Берлин кинофестивалынын "Панорама" программасынын алкагында болуп өткөн. 

"Кентавр" — өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма.