Жаңылыктар
Бишкекте шахмат боюнча турнир өтөт
Спорт
Бишкекте шахмат боюнча турнир өтөт

Борбор калаада шахмат боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу Шахмат федерациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, мелдеш 29-30-декабрда болот. 

Турнирге шахмат боюнча эл аралык, ата мекендик чеберлер, биринчи топтогу жана атайын чакырылган оюнчулар катышат. Анда катышуучулар "тез шахмат" жана "блиц" түрлөрү боюнча ат салышып, аялдар жана эркектер арасында төрт медаль ойнотулат.