Жаңылыктар
Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти
Саясат
Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү ант беришти

Жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант берди. Алар – биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов. 

Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Мамлекет башчы мекендештерин, парламент депутаттарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук, бакубат турмуш, иштеринде ийгиликтерди каалады. 

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан парламентте ант берген жаңы өкмөт мүчөлөрүн расмий түрдө өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришүүсү менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.