Жаңылыктар
Кыргыз мушкерлери Казакстанда өткөн мелдеште байгелүү кайтышты
Спорт
Кыргыз мушкерлери Казакстанда өткөн мелдеште байгелүү кайтышты

Кыргызстандык мушкерлер Казакстандын Караганда шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште 1 алтын жана 1 күмүш байгеге ээ болду. 

Кыргызстандын бокс федерациясынан билдиришкендей, мелдеш Казак ССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Галым Жарылгаповдун элесине арналган. Анда Казакстан, Өзбекстан, Индия, Монголия, Россия жана Кыргызстандын спортчулары ат салышты. 

Кыл чайнашчу таймаштын жыйынтыгында 69 кг салмактагы категорияда Абдурахман Абдурахманов алтын, 49 кг салмактагы категорияда Мирлан Түркбай уулу күмүш тагынды.