Жаңылыктар
Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү кармалды
Кылмыш
Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү кармалды

Депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча негизги шектелүүчү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, 27-декабрь түнү Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип, Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын жанынан номери өчүрүлгөн "Макаров" куралы жана 17 ок табылган.

Эске салсак, Улан Саяновду 6-ноябрь күнү Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы өзүнүн үйүнөн атып кетишкен. Анын өмүрүнө кол салгандар окуя болгон жерден из жашырып кеткени айтылган.