Жаңылыктар
УКМК эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармады
Кылмыш
УКМК эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармады

2016-жылдан бери эл аралык террордук уюмдун курамында атайын даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күч түзүмдөрүнө каршы согушка жигердүү катышкан кыргызстандык жаран кармалды. 

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирмеге караганда, декабрь айында Улуттук коопсуздук кызматы эл аралык террордук уюмдардын каналдарын аныктоо максатында терроризмге каршы иш-чараларды уюштурган. 

Анын натыйжасында, эл аралык террордук уюмдун жетекчилеринин тапшырмасы менен Кыргызстанда бир нече теракт жасоону мерчемдеген киши кармалды.

Учурда шектүүгө карата Кылмыш жаза кодексинин 375-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.