Жаңылыктар
"Жазгы маанай" сүрөт көргөзмөсү
Маданият
"Жазгы маанай" сүрөт көргөзмөсү

Борбор калаада белгилүү сүрөтчү Халида Шимованын 5 жыл аралыгында иштеп чыккан 50дөн ашык сүрөттөрү коюлган көргөзмө өткөрүлүүдө. Сүрөт чеберинин эмгектери адамдарга өзгөчө маанай берип, боорукерликти, жылуулукту тартуулап, балалык кезге жетелейт. 

Ачык түстө тартылган сүрөттөр - жандуу көрүнүп, сүрөт тартуудагы чебердин маанайын кошо чагылдыргансыйт. Халида Шимова Кытай жергесинде жарык дүйнөгө келгендиктен, анын көпчүлүк эмгектери балалык кезине байланыштуу.